
Чүй облусунун Чүй районундагы “Сосновка” постунан «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаада баңгизаттарды ташып бара жаткан жүргүнчү кармалды. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Аталган унаага тинтүү жүргүзүү учурунда өзгөчө жыты бар, кочкул күрөң түстөгү зат табылып алынган. Жүргүзүлгөн экспертизанын корутундусуна ылайык, бул зат 1 кг 5 гр. салмактагы «гашиш» баңги каражаты болуп чыккан.
Кармалган жаран 1974-ж.т., К.К. аттуу Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылынын тургуну экендиги аныкталды.
Азыркы учурда аталган жаран тергөө изоляторуна киргизилип, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.
- 01.02.2022