
Баткен районунун Көк-Таш айылындагы окуя боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымтка ылайык, 27-январь күнү кыргыз-тажик чек арасында катталган окуя боюнча Баткен РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 402-беренеси (тынчтыкка каршы кылмыштар) менен катталып, тергөө иштери башталды.
Ал эми денесинен жараат алгандарга соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
- 28.01.2022