Ички иштер министрлиги “Бирдиктүү терезенин” кошумча 6 түйүнүн ачат

Ички иштер министрлиги “Бирдиктүү терезенин” кошумча 6 түйүнүн ачууну пландап жатат. Бул тууралуу ведомствонун басма соз кызматы билдирди.

Пландалып жаткан түйүндөр аймактарга- Жумгал, Ак-Суу, Түп, Талас, Араван жана Ноокен райондоруна туура келип, жарым жылдыкта ачылаары күтүлүүдө.

«Бирдиктүү терезе» боюнча ачылып жаткан борборлор министрликтен уруксат берүүчү кагаздарды жеңилдетилген түрдө алууга мүмкүнчүлүк берет. Учурда мындай режимде иштеген 31 түйүн бар.

“Бирдиктүү терезе” принциби боюнча мамлекеттик кызматтарды көрсөткөн борборлор мурдагы Президент Сооронбай Жээнбековдун  мындан эки жыл мурда “2019-жылы-Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы катары жарыялоо жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында иштей баштаган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.