Ханзаада Каримовадан гитара коштоосундагы “чыгыш бийи”

Ханзаада Каримова ОшМУнун икусство факультетинде студенттерге аспаптарды үйрөтөт. Окутуучу өзү ондой музыкалык инструментте кол ойнотот. Үчүнчү классында алгач комузду өздөштүрсө, азыр казак домбрасы менен кыл кыякты черткенди үйрөнүп жатат. 

Ханзаада биздин “Ырыс таң” берүүбүзгө конокко келип, көп аспаптарды бирдей черткен өзгөчө таланты тууралуу маек куруп, алардын айрымдарында музыкалык чыгармаларды аткарып берди.

Баса, алып баруучулар бул жолку конокту да жөн кетирбей, тапшырмаларды берди. Ондой аспапты черте алган окутуучу музыканы угуп, чыгарма кайсы инструментте аткарылып жатканын таба алдыбы? Видеону көрүңүз.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.