“Халык Банк” медицина кызматкерлерине колдоо көрсөтүүнү улантып жатат

 “Кыргызстандын Халык Банкы” оор кырдалда иштеп жатышкан медицина кызматкерлерин колдоону улантып жатышат. Алсак, аталган банкттын кызматкерлери медиктерге бир күндүк айлык акысын которушту.

Алар которгон каражат Бишкек шаарында эмгектенип жаткан 133 кызматкердин картасына түз келип түштү.

“Халык Банк” апрель айынын ортосунда да Ош, Жала-Абад, Каракол, Чолпон-Ата жана Кара-Балта шаарларында иштеп жаткан 206 медкызматкерге жардам көрсөткөн.

Аталган банк жалпы 339 ден-соолук сакчыларына көмөк көрсөтүп, жардамдын суммасы дээрлик  1,5 млнду түздү.

Учурда медицина кызматкерлердин көпчүлүгү жакындарын көрбөй, ооруканаларда жашап да, иштеп да атышат.

Ухань: Ооруканаларда вирус менен жабыркаган бир да адам калган жок

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.