“Халл Сити” Леонид Слуцкийден баш тартты

“Халл Сити ” футболдук клубунун башкы машыктыруучусу Леонид Слуцкий команданы таштап кетти. Аталган команда акыркы өткөн жети оюндун биринде да жеңишке жетишкен эмес.  Мына ушундан кийин Слуцкий клубду тапшыруу чечимине келген.

Ишемби күнү “Шеффилд Уенсдей ” клубу менен болгон оюнда “Халл Сити” 2:2 эсебинде ойноду. Бул оюндан кийин 19 балл менен турнирдик таблицадан 20-орунду ээлеп келе жатат.

 “Халл Сити” командасы менен байланышта болгондордун баарына, оюнчулардан баштап, кызматкерлер жана колдоочуларга чейин терең ыраазычылыгымды билдирем. “Халл Сити” менен иштешкен убакыт өтө кыйын, бирок кызыктуу да болду. Бул команда менин жүрөгүмдүн бир бөлүгү болуп кала берет жана келечекте чоң-чоң жетишкендиктерди каалайм”,- дейт Леонид Слуцкий.

“Халл Сити” жана Слуцкий менен түзүлгөн келишим эки тараптын тең макулдугу менен жокко чыгарылды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.