
Хакасия өлкөсү Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү. Бул тууралуу “Пульс Хакасии” маалымдады.
“Коронавирус Кыргызстанды оор абалга кептеди, ошондуктан биз жардам көрсөтүүнү чечип, ыктыярчыларды колдоо максатында каражат котордук. Гумжардамдын курамында: беткап, кол кап, хлоргексидин, парацетамол, бромгексин, амоксициллин, кагоцел, жана башка медициналык препараттар бар”,-деген “Антоневич жана анын өнөктөштөрүнүн юридикалык бюросунун” жетекчиси Михаил Антоневич.
2016-жылы Бишкекте “Антоневич жана анын өнөктөштөрүнүн юридикалык бюросу” жана Кыргызстандын инвестициясын коргоо жана өнүктүрүү агенттигинин ортосунда кызматташуу меморандумуна кол коюлган. Келишимдин башкы максаты- экспорттоону инвестициялоо жана өнүктүрүүнү эки тараптан тең колдоого алуу болгон.
- 27.08.2020