
Германиянын “Бавария” клубу кыргыз күйөрмандарына ыраазычылык билдирди. Аталган клуб расмий социалдык баракчаларында “Рахмат” деп сүрөт жарыялады.
“Биз менен 2019-жылда чогуу болгонуңуздар үчүн ыраазычылык билдиребиз. Жаңы 2020-жылда биз менен болсоңуз кубаныч тартуулайт”, – деп жазган алар.
Алардын “Фейсбук” баракчасындагы постун 100дөй адам бөлүшүп, 70 адам жылуу пикирлерин жазышкан.
- 30.12.2019