Германияны багындырган Ак-Бермет

“Көбүнчө чет өлкөгө келген студенттер ата-энесине акча салам деп жатып окуусун таштап коет же бир жыл артка калтырат. Менин кеңешим — бирөөгө жардам бергенден мурда өзүңө жардам бер. Өзүңдү мыкты карап, андан соң башкаларды өнүктүрүүчү формулаңды сунушта” – деп кеңеш берген Ак-Бермет Багачиева да башкалар сыяктуу мигрант болгон. Учурда ал Германиянын Берлин шаарында жашап, IT тармагында иштейт. Анын ийгилик сырлары тууралуу макалага назар салыңыз.

«Кыргыз аялдары — менеджер. Кайнене менен жашагандын өзү чоң менеджерлик. Анын тилин таап, ички дүйнөсүнө кирип жатып өзүн өнүктүрөт. 500 кишини башкарып той өткөргөн аялдар бар. Бул башка улутта сейрек кездешкен жөндөм. Ушундай талантка ээ болгон кыргыз аялы бардык өлкөдө иштеп, жашап кете алат», — деп сөзүн баштады Ак-бермет.

Баяндоо Ак-Бермет Багачиеванын өз атынан жүргүзүлөт

Ата-энем кесип тандоону менин эркиме коюшту. Төлөм акысы өтө кымбат эмес деп көңүлүм каалабаса да Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетине тапшырдым. Бул кесипти аркалабадым, бирок мага көп жардамы тийип келе жатат. Мисалы, бирөө менен сүйлөшкөндө, мамиле түзгөндө, подкаст даярдаган учурда.

Кийинчерээк бала багуучулардын Au-pair программасы менен Германияга жөнөдүм. Ал жакта аз гана убакыт иштеп, өлкөбүзгө кайтып келдим да, белгилүү компанияда 4 жыл пиар-менеджер болуп эмгектендим. Бирок бул жумушумдагы «перспектива» мени дагы бир ирет мигрант болууга, бөтөн элдин каалгасын кагууга түрткү берди. Ал кезде Кыргызстанда иштеп, акча чогултуу оор болчу. Ошентип, мигранттык жашоого бет алдым.

Мигранттык турмуш

Мигрант болуу кыйын. Жашаган жериңден тарта, ичкен сууңа чейин акча төлөйсүң. Алгач барганда үч ай идиш жууп жүрдүм. Андан кийин арак саткан дүкөндө сатуучу болдум. 12-14-саат тик туруп идиш жууган учурдан, сутка бою отуруп арак саткан күндөрдөн көп сабак чыгардым. Себеби, ал жумуш мени өстүрбөй, тескерисинче чөктүрөт экенин сезер элем. Мисалы, ал жерде китептин пайдасы же каржылык сабаттуулук тууралуу баарлашпайт. Мына ошол бүтүмдөр мени алдыга умтулууга үйрөттү. Германияга кетүү үчүн документтерди даярдап жаттым.

Германияга сапар

Акыры немецтердин өлкөсүнө да жеттим. Атам карыз сурап, кредит алып жатып мени Германияга жөнөттү. Себеби, банктагы эсебиңде акчаң болсо анан программадан өтүүгө мүмкүнчүлүк ачылат. Франкфурт шаарындагы Европалык Виадрина университетинин магистратура бөлүмүнө тапшырдым. Окуум кайра эле журналистика багыты боюнча уланды. Бирок бир жыл окуп, аягына чыгарбай калдым.

Кийинчерээк Берлин HTW университетинин IT тармагында билим алдым. Ошондо жашоону чоң картина аркылуу көрө баштадым. Көрсө дисциплина максат менен ийгиликтин ортосундагы көпүрө экен. Маселен, баарыбыздын кыялдарыбыз бар, бирок күнүмдүк тиричилик менен максаттарыбызды кийинкиге калтыра беребиз. Чындыгында өзүн тартипке сала алган, дисциплинасы күчтүү адамдар максаттарына таамай жетип, бактылуу келишет экен. 

Мен да өзүм менен баарлашып, өзүмө жооп бергенде, максаттарым менен иштей баштаганда ийгиликке жеттим — окуумду аяктап, белгилүү Diconium компаниясына жумушка кирдим. Азыркы тапта дал ошол жерде иштейм, быйыл беш жыл болот. Жумуштагы милдетим — жазылган программаларды текшерүү үчүн программа иштеп чыгуу.

IT деген эмне? 

Бизди курчап турган бардык нерсе азыр IT десек болот. Телефондо сүйлөшкөнүбүз, компьютерде иштегенибиз, банктан акча которуу же кино көрүү. Башкача айтканда IT — бул информациялык технология. Албетте, ал да өз ара бөлүктөргө бөлүнөт. Мисалы, телефондогу тиркемелерди жазуу үчүн башка тил, веб-сайтты жасоодо башка тил колдонулат.

Мекенге салым

Германияда окуп, иштеп жаткандар аялдарга арналган бир канча демилгелерди ишке ашыруудабыз. BIZ e.V аттуу фондубуз бар. Франкфурт шаарында каттоодон өткөн. Максатыбыз — билим берүүнү жакшыртуу, саламаттык сактоодогу демилгелерди колдоо жана Германия менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташууларга көмөктөшүү.

2021-жылдын 8-мартында «Аялдардын эл аралык күнүнө» карата Айымдар форумун уюштурдук. «Сегиз сап ыр» аттуу сынак жарыялап, 18-31 жашка чейинки кыргызча ыр кураштырган айымдарга акчалай сыйлык тапшырдык. Алар жазган ырларды китеп кылып чыгарууну пландадык.

« Чырак» долбоорубуздун максаты — аялзатына санариптик билим берүү аркылуу алардын экономикалык дараметин жогорулатуу. Дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө иштеген IT-адистери жакынкы айларда онлайн окутуу программасын баштайт. 

Ошондой эле, Kyrgyz Network академиялык уюму бар. Анда бир катар өлкөлөрдө окуп, иштеп жаткандар бири-бири менен таанышып, тажрыйба алмашат. Ушул долбоорлор аркылуу Мекенге салым кошууга мендей кыргыз кызынын аздыр-көптүр салымы, мээнети бар. 

Бирге өсөлү 

Мекенге мээримин арнаган аялзаты катары пандемия учурунда «Бирге өсөлү» подкастын жасай баштаганбыз. Курбум Алия экөөбүз жумушубуздан сырткары убакыт таап, көп эмгек кылдык. Бир эпизод үчүн канча китептин бетин ачканга туура келди. Подкастыбыз аркылуу адамдарга өзүн тааныганды үйрөтөбүз. Аларга дем берип, аракет, ийгилик, талантын, аң-сезимин ойготобуз. 

Ийгиликке жетүү үчүн

Көбүнчө чет өлкөгө келген студенттер ата-энесине акча салам деп жатып окуусун таштап коет же бир жыл артка калтырат. Менин кеңешим — бирөөгө жардам бергенден мурда өзүңө жардам бер. Өзүңдү мыкты карап, андан соң башкаларды өнүктүрүүчү формулаңды сунушта.

Чет тилдерин үйрөн. Англис тилинде бир бет макаланы окуй алган деңгээлге жетсең, көйгөйлөр өзү чечилет.

Биздин менталитетте көбүнчө көз каранды болуп чоңоебуз, ошон үчүн жакшы анализдей албайбыз. Коркпо. Пайдалуу нерсенин баарын жасап көр. «Канчалык көп ката кылсаң ошончолук ийгиликтүүсүң» деп айтылат. Бир мүмкүнчүлүктүн эшиги жабылганда экинчиси ачылат. Сөзсүз.

Даярдаган: Айгүл Исамидинова

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.