Германия: өспүрүмдөр никесине каршы мыйзам кабыл алынды

Германия бийлиги өспүрүмдөр никесине каршы мыйзам долбоорду жактырды. Анда жашы жете элек никеге турган үй-бүлөлөрдүн ЗАГСы жокко чыгарылат деп жазылган. Бул мыйзам Сириядан жана башка өлкөлөрдөн качкын макамын сурап келген мигранттарга да тиешелүү.

Германия бийлиги мындай кадамга баруунун максаты – өспүрүмдөрдүн укугун коргоо деп түшүндүрдү. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, өткөн жылы өлкө аймагында 1500 жашы жете элек өспүрүмдөр нике күбөлүгүн алышкан. Алардын арасынан миңге жакыны кыздар.

350дөн ашууну 14 жашка толо элек секелектер болгон. Ошондой эле мектеп курагындагы өспүрүмдөрдүн никеге туруусу, Ооганстан, Сирия жана Ирактан келген мигранттар арасында көп болуп жатканы кошумчаланды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.