“Географиялык аталыштар жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүү киргизилди

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштарды өзгөртүү жөнүндөгү” мыйзамга кол койду.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2021-жылдын 22-декабрында кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзам административдик-аймактык бирдиктерге, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана айылдарга географиялык объекттерди табууга, изилдөөгө, өнүктүрүүгө же түптөөгө түздөн-түз катышкан адамдардын аттары менен атоо жана кайра атоо учурларына, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин, илимдин, маданияттын жана тарыхий ишмерлердин мамлекетке эмгеги сиңген өкүлдөрүнүн ысымдары, ошондой эле айрым объекттерге жоголгон, бирок мурдагы жана азыркы кеңири белгилүү болгон географиялык аталыштарды кайтарып берүү учурларына жол берүүгө багытталат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.