Гендердик теңчиликке жетүү. «ММКны колдоо борбору» журналисттерге семинар уюштурду

9-11-март күндөрү Бишкек шаарында «ММКны колдоо борбору» фонду Кыргызстандагы БУУнун Аялдар уюму менен биргеликте «Луч Света» демилгесинин алкагында ЖМК өкүлдөрү үчүн семинар уюштурду.

Гендердик тренингге Чүй, Нарын жана Ош облустарынан келген журналисттер катышты. Алар гендердик көйгөйлөрдү чечүү боюнча тажрыйба алмашып, гендердик теңчиликке умтулган журналисттердин тармагын түзүүгө жана ЖМКнын гендердик өзүн-өзү баалоону кеңейтүү стратегиясын иштеп чыгууга салым кошууга жетишишти.

«Бул семинар профессионалдык жактан гана эмес, жеке жактан да пайдалуу. Катышуучулар жаңы билимди биринчи кезекте өздөрүнө алышты деп ойлойм. Мага ата-эне, уулдар, келиндер болуп ар кандай ролдорду ойногонубуз жакты. Оюн аркылуу алар боорукердигин көрсөтүштү. Мындай мүмкүнчүлүк үчүн уюштуруучуларга жана машыктыруучуларга рахмат», – деди “Ынтымак” КРТРКсынын атайын кабарчысы Нуржамал Баргыбаева.

Белгилей кетсек, өткөн жылы дагы гендердик теңсиздик, стереотиптер, дискриминация, үй-бүлөлүк зордук-зомбулук, ЖМКдагы гендердик чагылдыруу сыяктуу  темаларды изилдеген 5 сериялык тренинг өткөрүлгөн.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.