Гемофилия дарты боюнча Ош облусу алдыда. Аймакта атайын мектеп ачылды

Кыргызстанда гемофилия оорусу менен 350 адам жабыркайт. Анын 180ге жакыны Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында катталган. Ош облусунун өзүндө болсо бир айда 15-20 адам дарт менен жабыркап, оор абалда ооруканага кайрылат.

Дарттын Ошто көп кездешип жатышына байланыштуу облуста гемофилия мектеби ачылды. Анда бейтаптарга кеңеш берилип, акысыз дары-дармек алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ошондой эле бейтаптар үчүн зарыл болгон 8-9 кан факторлорунун кошумча кору да камдалуу болот. Ал бир гана оор кырдаалга кабылгандарга берилет.

Ош облустук гемотология бөлүмүнүн башчысы Бактыгүл Айсариеванын айтымында, дарт менен жабыркаган өспүрүм үчүн мамлекет тарабынан жылына 6500 фактор бөлүнсө, керектөө орточо эсеп менен 24 миңге чейин жетет. Эгер бейтаптын абалы көбүрөөк оорлошсо, андан да көп кетиши мүмкүн.

Гемофилия адамдын канындагы уюткуч касиетти кармап турган 8-9-фактордун жетишсиздигинен пайда болгон дарт. Ал  тукум куучу оорунун катарына кирет.  Анын булагы аялдарда сакталат. Бул илдет энеден кызга эмес, уул балага гана өтөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.