Гаага соту Орусия армиясынын Украинадагы кылмышын иликтөөгө ниеттенүүдө

Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотунун прокурору Карим Хан Украинадагы адамзатка каршы жана ыктымал аскердик кылмыштарга карата иш ачарын билдирди.

Британиялык юрист Хан күбө-далилдерди чогултуу мүмкүндүктөрүн иликтөө боюнча командасына буйрук бергенин кошумчалады.

Буга чейин Литва Гаага сотунан Орусия менен Беларустун Украинадагы ыктымал аскердик кылмыштарын иликтөөнү баштоого чакырган. Өлкөнүн премьер-министри Ингрида Шимоните: “Путиндин жасаганы – киши өлтүрүүдөн башка эч нерсе эмес жана ал Гаагада болот деп үмүттөнөм”, – деген.

Бул арада Орусия чабуул учурунда, анын ичинде Харьковдогу турак жайларды бомбалоодо авиациялык миналар же майда бомбалар толтурулган курал колдонгонун тастыктаган далилдердин саны көбөйүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.