Гүлчө айылына балдар ойноочу аянтча курулду

Гүлчө айыл өкмөтүнө балдар ойноочу аянтча курулду. Курулуш «Примов» фонду тарабынан ишке ашып,  900 метр квадрат жерди ээледи. 

Аянтчага 4 даана селкинчек, бир даана горька комплекс,  турниктер, карусель, кумда ойноо, пружинадагы отургучтар,  салмактагы отургучтар, беседка, 8 даана скамейкалар, 4 таштанды таштоочу урна, 8 даана жарыктандыруулар коюлуп, жалпы баасы 3500,0 миң сомду түздү.

Мындан тышкары аталган айыл өкмөттүн жашоочуларына ыңгайуу шарттар түзулүүдө. Алсак, 100-150 адамга ылайыкташкан аталар үчүн чайхана ондолуп, жайкы навестер курулууда. Ошондой эле жергиликтүү бийлик жана демөөрчүлөр тарабынан жолдор оңдолууда.

Гүлчө айыл өкмөтүндө  17 973 калк жашайт. Анын ичинен 0-18 жашка чейин 6 273 бала бар.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.