Футбол: Месси атаандашына орой мамиле кылганы үчүн беттештерден четтетилиши мүмкүн

“Барселонанын” чабуулчусу Лионель Месси Испания Суперкубогунун финалдык оюнунда “Атлетик Бильбао” клубунун оюнчусун башка чапкандыгы үчүн 12 оюнга чейин беттештерден четтетилиши мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Эгер комитет “Атлетик Бильбао” клубунун чабуулчусу Асьер Вильялибрени башына чапкан Мессинин жүрүм-турумун агрессивдүү деп тааныса, анда Месси 4 оюндан 12 оюнга чейин беттештерден четтетилет.

Буга чейин Лионель Месси “Атлетик Бильбао” клубунун оюнчусуна карата орой ойногондугу үчүн кызыл айып кагазын алган. 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.