Футбол: Бүгүнкү оюнду КТРК Спорт түз алып көрсөтөт

КРнын Футбол федерациясынан билдиришкендей, бүгүн, 5-сентябрда Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычы үчүн Тажикстандын курамасы менен беттешет. Бул оюн «ак шумкарлар» үчүн дүйнө чемпионатынын тандоо турунунун алкагындагы алгачкы беттеши.

Оюнду КТРК Спорт телеканалы түз алып көрсөтөт. Беттеш: Кыргызстан убагы боюнча саат 20:00дө башталат.

Бул оюнга даярданыш үчүн башкы машыктыруучу Александр Крестинин курама командага 23 оюнчуну чакырган. Команданын даярдыгы 1-сентябрда башталып, алгачкы машыгуусу Кант шаарында өткөн.

Бүгүнкү оюнга Тажикстандын курама командасы да кызуу даярдык көрдү. Команданы учурда өзбекстандык машыктыруучу Усмон Тошиев машыктырып жатат. Ал курама командага 25 оюнчу чакырылган. Тажикстандын курама командасы дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычына даярдык катары, Ооганстандын жана Сириянын курама командалары менен жолдоштук беттеш өткөрдү.

Тандоо оюндарынын 2-баскычы 5-сентябрда башталып, 2020-жылдын 9-июнуна чейин уланат. Жыйынтыгында сегиз тайпанын жеңүүчүсү жана экинчи орунду ээлеген төрт мыкты команда 2023-жылы Кытайда өтө турган Азия кубогуна жана 2022-жылы Катарда боло турган дүйнө чемпионатынын акыркы тандоо оюндарына жолдомо алат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.