Футбол: “Ахал” клубу Жалал-Абадда өтүүчү оюнду башка күнгө жылдырууну суранды

Түркмөнстандын “Ахал” клубу Жалал-Абад шаарындагы Курманбек стадионунда жергиликтүү “Нефтчи” клубу менен 5-февралда өтө турган оюнду башка күнгө жылдырууну суранып, Азия футбол конфедерациясына кат жолдошту. Бул тууралуу маалымат Кыргыз Премьер Лигасынын Инстаграмдагы баракчасында пайда болду.

Маалыматтарга караганда, “Ахал” клубу Кытайдан чыккан коронавирустун айынан бул оюнду башка күнгө жылдырууну суранышууда. Клубдун бул сунушун АФК четке кагып, Жалал-Абадда эч кандай коркунуч жок экенин жана бул оюн белгиленген убактысында өтүшү керектигин билдирген.

“Ахал” клубу оюнга аз убакыт калса дагы Жалал-Абад шаарына келе элек. Учурда маалымат такталууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.