Франция: шайлоо алдындагы башаламандыктар

Францияда өткөн аптада болуп өткөн президенттик шайлоонун 1-айлампасы аяктагандан кийин, жарандар жапырт нааразычылык акциясына чыгышкан. 1 жумадан ашык убакыттан бери уланып жаткан башаламандыктар 1-май күнү күчөп, акция катышуучулары полиция кызматкерлери менен тирешүүгө чейин барышты.

Алар шайлоонун биринчи айлампасында жеңишке жетишкен Марин Ле Пен менен Эммануэль Макрондун талапкерлигине каршы экенин билдиришүүдө. Нааразы болгон эл эки талапкерди шайлабай турганын айтып, түрдүү чакырыктар менен борбордук аянтты жана бир нече көчөлөрдү тосуп чыгышкан. Алар тартип сакчыларына карата таш, бөтөлкө сыяктуу түрдүү буюмдарды ыргытып жатышат.

Айрым жерлерди өрттөп жиберүүгө чейин барышты. Маалыматка ылайык, башаламандыктардан улам 4 тартип сакчы жана акция катышуучуларынан жараат алгандар катталган. Учурда өлкөдө коопсуздукту көзөмөлдөө үчүн 2 миңден ашуун күч түзүмдөрү тартылган. Башаламандык жараткан элди таратуу үчүн тартип сакчылары көздөн жаш агызуучу газ колдонууга аргасыз болушууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.