Франция: Петербург кайгысын тең бөлүшкөн Эйфел мунарасы

Франция бийлиги Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы теракт курмандыктарынын элесине, Эйфел мунарасынын жарыктарын өчүрдү.

Париж мэри твиттер баракчасына жарыялаган билдирүүсүндө, “Орусиянын кайгысын бүтүн Франция тең бөлүшөт. Каза болгондордун жакындарына көңүл айтабыз”. – деп жазылган. Эйфел мунарасынын жарыктарын өчүрүү, Франция эли каргашалуу окуяны баштан кечирип жаткан коңшу мамлекеттердин кайгысына кайдыгер эмес деген белгини түшүндүрөт.

Буга чейин Берлинде, Квебекеде жана Ниццада болгон теракттардан кийин да Эйфел мунарасынын жарыктары өчүрүлгөн болчу.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.