Бишкек-Москва 67 миң 800 сом. Финполиция авиабилеттердин баасын мыйзамсыз көтөрүү фактысын аныктады

Финансы полициясы авиабилеттердин баасын мыйзамсыз жогорулатуу фактысын ачыктады. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызматынын (ЭККМК) басма соз кызматы маалымдады.

Белгилүү болгондой, Финансы полициясы авиабилеттердин баасынын негизсиз көтөрүлүүсүнүн фактыларын аныктоо үчүн текшерүү иш-чараларын  жүргүзүп жатат.
Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө ЭККМКнын кызматкерлери Бишкек шаарындагы авиакассалардын биринен Бишкек-Москва багыты боюнча 67 800 сом суммасындагы авиабилетти текшеришкен. Натыйжада учуунун наркы туроператор тарабынан жасалма жол менен көтөрүлгөндүгү аныкталды, ал жогорку суроо-талаптан пайдаланып, авиабилеттердин наркын мыйзамсыз жогорулаткан.
Аталган факт боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.