Филиппин: курорттук комплекске чабуул жасалды

Филиппиндин борборундагы курорттук комплексттердин бирине куралдуу чабуул жасалды. Маалым болгондой, Resorts World Manila казиносунда жардыруу болуп, андан соң атышуу чыгып кеминде 25 киши жараат алганы айтылат.

Бул кол салууну Ислам мамлекети террордук уюму жасаганын мойнуна алганы да кабарланган. Бирок Тартип сакчыларынын айтымында, чабуулду 1 эле киши жасаган. Ал казинону тоноого кирген болушу мүмкүн деп белгиленүүдө. Полициянын айтымында, куралчан белгисиз киши казиного кирип барып ок чыгара баштаган маалда, ал тартип сакчылары тарабынан жок кылынган. Эч кандай жардыруу болгон эмес деп баса белгиленет.

Бирок айрым маалыматтарга караганда, кол салган киши өзүн-өзү атып өлтүргөнү кабарланууда. Ошондой эле, атышуудан эс алуучу жайдагы адамдардан эч ким жараат алган эмес, болгону дүрбөлөңгө түшүп туш тарапка качып жөнөшкөндө айрымдары бир аз жабыркап калышкандыгы кошумчаланды. Учурда казино тартип сакчылары тарабынан курчоого алынып, иликтөө иштери жүргүзүлө баштады.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.