Филиппе Каутиньо “Барселонага” өттү

Испаниянын “Барселона” футболдук клубу бразилиялык футболчу Филиппе Коутиньо менен келишим түзгөнүн чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Филиппе Коутиньо 5 жылдык келишимге кол коюп, бул үчүн “Барселона”120 миллион евро коротту. Футболчу “Барселонада”ойноо анын кыялы болгондугун, аталган командага өтүп кубанып жаткандагын интернеттеги жеке баракчасы аркылуу билдирди.

Бразилиялык футболчуну “Ливерпуль” футболдук клубу 2013-жылы италиялык “Интер” клубунан 13 миллион еврого сатып алган. Филиппе Коутиньо“Ливерпульда” 2017-2018-сезондо 20 беттешке катышып, 12 гол киргизген.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.