Фархад Бекманбетов Мамлекеттик циркке директор болду

Абубакир Изибаев атындагы кыргыз мамлекеттик циркинин директору болуп Фархад Бекманбетов дайындалды. Буйрукка маданият маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов кол койду. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Жаңы директорду жамаатка бүгүн, министр өзү тааныштырды.

Фархад Бекманбетов 2016-2017-жылдары маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары болуп иштеген.

Буга чейин мамлекеттик циркти Курмангазы Исанаев жетектеп, 2018- жылдын соңунда  жамааттын нааразылыгынан улам жумуштан кеткен.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.