«Этек кир жөнүндө сүйлөшүү уят делет». Секелектерде өз организми тууралуу маалымат жетиштүүбү?

Айрым секелектер айыз тууралуу ачык айтуудан коркушат. Ага байланыштуу көйгөйлөрүн жашырышат. Мындай мамилени кантип оңдосо болот? Эмне үчүн өспүрүмдөрдү организминдеги өзгөрүүлөргө алдын ала даярдоо маанилүү? Секелектердин өз окуяларын, тиешелүү адистердин пикирлерин сунуштайбыз.

Айтунук 17 жашта. Ал Кара-Кулжа районундагы мектептердин биринде окуйт. Башка кыздар сыяктуу эле анын этек кири мектеп курагында келген. Бирок анын айызы башкаларга салыштырмалуу эрте байкалган деп эсептейт. 

«Мен анда 6-класста окуйт элем. Мектептин ажатканасына киргенде байкадым. Этек кири жөнүндө мага акушер-гинеколог эжем маалымат берген. Ошондуктан чоочулоо сезими болгон жок. Денемде да оору байкалган эмес. Бирок кийинчерээк табарсыгым ооруй баштаган. Анан мындай күндөрү сезимтал болуп ыйлап, урушуп, маанайым түшөт», — дейт ал. 

Ал этек кири келгенде дүкөндөн гигиеналык каражат сатып алат. Эгер аны сатып алууга шарты жок болсо сабактан суранып, үйүнө кетет: «Бир жолу курбумдун этек кири кийимине өтүп кеткен. Аны классташ бала көрүп калыптыр. Ал бизге айтып, карап койгула деген. Дос кызым дендароо абалда болуп, аябай коркуп калган. Биз аны үйүнө жеткирип келгенбиз. Бирок бул нерсени мугалимдерге айткан эмеспиз». 

Айтунук окуган мектепте Кыздар кеңеши иш алып барат. Ар жума сайын, кээде эки жумада бир жолу кыздар чогулуп, өз маселелерин талкуулашат. Мугалимдер гинекологдорду чакырса аларга суроолорун берип жооп алышат. Бирок соболун ачык айта албай тартынгандар болот. Мындайда алар суроолорун кагазга жазып узатышат. 

«Мугалимдер бизге этек кир жөнүндө айтышпайт» 

Ал эми 16 жаштагы Мубинанын этек кири 7-классында келген. Бул күндү ал мындайча эскерет. 

«Белим, табарсыгым анан башым ооруй баштады. Кыжырданып, адамдарды жактырбай жаттым. Айызым келгенин көрүп, апама айтсам бул табигый, нормалдуу көрүнүш экенин түшүндүрдү. Башкача айтканда, дене-боюмдагы өзгөрүүлөргө мени апам даярдаган», — дейт Мубина.

Анын айыз күндөр тууралуу окуясы Айтунуктукунан айырмаланат. Маселен, алардын мектебинде өспүрүм курактагы өзгөрүүлөр тууралуу сөз болбойт. Кээде гана класс жетекчилер учкай кеп кылып коюшат. Болбосо анын мектеби Ош шаарынын борборунда жайгашкан. Ошентсе да Кыздар кеңеши жок.

«Класс жетекчибиз 9-класста гана айыз тууралуу айтып берди. Бул учурда менин этек кирим келгенине эки жылдан ашкан болчу. Азыр эми айызым келип калса, көбүнчө класс жетекчибизге айтам. Аны ортомчу кылып, башка мугалимдерден жооп сурап анан үйүмө кетем. Себеби, мындай нерселерди бардык эле мугалимге айта албайбыз. Бул темада сүйлөшүү биз үчүн оңой эмес».

«Мектепте кыздар бардык темада эркин сүйлөй алышат» 

Жогоруда окуучулардын айтканын жокко чыгарган Нурсулуу Тургунбаева мектепте кыздар бардык темада эркин сүйлөйт деген пикирде. Ал тарых мугалими, ошол эле учурда Кыздар кеңешин жетектейт. Айтымында, аталган кеңештин максаты — кыздардын ар тараптан өнүгүүсүн, өнөр-талантын колдоо. Кесип тандоо, үй-бүлөдөгү, коомчулуктагы орду, укугу, ден соолугуна байланыштуу кеңештерди берүү жана ич ара маселе чечишүү. 

«Кыздар кеңешине 5-класстан жогоркулар катышат. Жыл башында иш план түзүлүп, психолог, гинекологдор менен жолугушуулар уюштурулат. Организмдеги алгачкы өзгөрүүлөр, айыз жөнүндө сабактар өтүлөт», — дейт Тургунбаева.

Алар кыздар менен анкета аркылуу иштешишет. Анын жыйынтыгында үй-бүлөдөн жардам болбой жаткандар аныкталат. Анан алардын ата-энеси менен Кыздар кеңешинин төрайымы жана социалдык педагогдор иш алып барышат. 

«Сабак учурунда айызы келип, отургучуна өтүп кеткен окуялар катталып турат. Мындайда анын отургучу классташ балдарына көрсөтпөй тазаланат, кызга моралдык жактан колдоо көрсөтүлөт», — деп кошумчалады Тургунбаева. 

«Стресс күчөп, суицидге чейин жетиши мүмкүн»

Айыз же этек кир — бул аялзатынын ай сайын жатындан кан көрүү процесси. Ал ар бир кызга табияттан берилген нормалдуу көрүнүш. 

Адатта этек кирдин узактыгы 3-7 күнгө чейин созулат. Мындай абал ар айда, тагыраагы үч-төрт жумада бир кайталанат.

Секелек кыздын айызы 14-15 жаштан келсе нормалдуу. Бирок адистердин айтымында, азыркы өспүрүмдөр бат жетилет жана тогуз жашта айызы келгендер кездешет. Алгачкы айыз күтүүсүз келиши же ден соолуктун абалына карай ар кандай оору сездириши ыктымал. Ошондуктан кыздарды айыз циклине алдын ала даярдоо маанилүү. 

«Биздин менталитетте айыз тууралуу сүйлөшүү уят деген түшүнүк бар. Тескерисинче, кыздарга эртерээк этек кир эмне экени тууралуу маалымат берүү керек. Мектептерде гинекологиялык, психологиялык семинарлар өткөрүлүшү зарыл», — дейт Ош облустук «Адам репродукциясы борборунун» акушер-гинеколог, эндокринологу Камила Аттокурова.

Ошондой эле, этек кир келгенде эмоцияга алдырып, ачуулануу нормалдуу көрүнүш. Анткени мунун баары этек кир циклинде пайда болгон гормоналдык өзгөрүүлөргө байланыштуу. Гормоналдык өзгөрүү жада калса табитти өзгөртүп, таттуу же туздуу тамакка каалоону күчөтөт.

Психолог Гүлнара Онкошова да кыздардын көпчүлүгүндө айыз учурунда кыжырдануу, кыжаалатчылык жана стресс пайда болот дейт. Анын айтымында, стресс абалы жетиштүү психологиялык жардам көрсөтүлбөгөндүктөн келип чыгат.  

«Өз денеси тууралуу маалыматы жетишсиз кыз көкүрөгү чыкканын, этек кири келгенин жашырат. Көкүрөгүн байкатпоо үчүн бүкүрөйүп басат, кең кийимдерди кийет. Кулк-мүнөзү өзгөрөт. Кызынынын абалын түшүнбөгөн ата-энелер жемелеп коюшу мүмкүн. Бул учурда стресс күчөп, суицидге чейин жетиши ыктымал. Айызга байланыштуу көйгөйдү чечүү үчүн интернеттен маалымат издеп, ал жактагы кеңештер организимге зыян алып келсечи?», — деп суроо салат психолог. 

Ошондуктан кыздар муктаждыктарын тартынбай айтчу мамилеге жетиштүү керек.

«Алгач баланын өспүрүмдүк жетилүү темпине карай ден соолук жана организмдеги өзгөрүүлөр тууралуу айтып башташ керек. Мисалы, этек кир жөнүндө сөздү майда кадамдардан баштаган туура. Ал жөн гана аял болуунун кезектеги кадамы экенин түшүндүрсө болот. Айыз бардык адам менен бөлүшө турган, эң сонун, табигый тажрыйба экенин билгени маанилүү», — деп кеңеш берет Онкошова.

«Этек кирди ким айтышы керек: ата-энеби, мектеппи?» 

Ал арада адистер арасында талаштуу талкуу бар. Айрымдары айыз тууралуу маалымат берүү ата-эненин милдети, себеби мектеп — билим берүү менен гана алектенет десе, экинчилери баарын ата-энеге жүктөп атып, секелек кыздар мектепте колдоосуз калбаш керек деген принципти карманышат.

Маселен, психолог Гүлнара Онкошова секелек кыздарга этек кир жөнүндө апасы айтышы керек деп эсептейт.

«Эне кызга айызга чейин эле маалымат бериши керек. Себеби, мектеп билим берүүчү мекеме. Ал эми кыздардын организиминдеги өзгөрүүлөргө ата-эне жооптуу», — дейт ал.

Ал эми репродуктивдик саламаттык боюнча адис Нура Садырбекова мектепте организмдеги табигый өзгөрүүлөр окуучуларга 4-классында эле түшүндүрүлүшү керек деп эсептейт.

Нуранын пикиринде, эң башкысы кыздар менен балдарды бирге отургузуп маалымат берүү зарыл. Себеби, табияттан жаралган өзгөчөлүгүн билүү, түшүнүү эки жыныстагылар бирдей керек. Ошондо мектепте «этек кир өтүп кеткен стулду эркек балдарга көрсөтпөй тазалоо» деген нерсе болбойт. Кыздар табигый көрүнүш үчүн эркек балдардын шылдыңына кабылбайт. 

«Тилекке каршы мугалимдердин өзүндө тиешелүү маалымат жок же жетишсиз. Анткени, алар окуп жүргөн маалда репродуктивдик саламаттык же жыныстык тарбия жөнүндө курстар, сабактар өтүлгөн эмес. Ошондуктан, мугалимдер биология, адам, анатомия сабактарында кыздардын, эркек баланын дене түзүлүшү жөнүндө айтуудан тартынып, тайсалдап турушат. Гинекологдор айткан табигый көрүнүштөрдү сындап, сөз кылганга болбойт дегендер да бар», — дейт Нура.

Мугалимдер менен катар ата-энелерде да маалымат жетишсиз дейт ал.

«Адатта ата-энелер “уят болот” деп өздөрүн чектей беришет. Анын кесепетинен, маалыматы аз өспүрүмдөрдө эрте боюнда болуп калуу же жаш куракта жыныстык жактан ооруган учурлары катталып жатпайбы? Жада калса, турмушка узатып жаткан кызына да эмне болорун айтпай “уят, өзү билип алат” дешет».

Алар бул көйгөйдү чечүүгө салым кошуу үчүн Телеграммдан Oilobot деген робот программа иштеп чыгышкан. Аны он чакты адис бир топ өспүрүмдөр менен биргеликте ишке ашырган. Анда кыздар гинекология, психология, жыныстык көйгөйлөргө байланыштуу суроолоруна жооп ала алышат. Суроолор жашыруун калат. Бот кыргыз жана орус тилинде тейлеп, фактылардын негизинде гана жооп берет. 

Телеграм боттун шилтемеси: https://t.me/oilo_bot

Бардык шарты бар girls friendly ажатканасын салышты 

Көйгөйдү чечүүнүн дагы бир жолу катары «Гуд Нейборс Интернешнл» уюмунун колдоосу менен Төмөнкү Чүй айылына бүт шарты бар даараткана салынган. Ажатканада окуучуларга, анын ичинде кыздарга жана майыптыгы барларга ыңгайлуу бардык шарт түзүлгөн

Мисалы, секелектер этек кири келген учурда колдончу ысык суу, атайын кабиналар бар. Ошондой эле, санитардык нормаларды сактоого, инфекция жана вирустардан коргонууга ыңгайлуулук каралган.

Аталган ири долбоордун менеджери Тынчтыкбек Жанадыловдун айтымында, алардын максаты мектеп көйгөйлөрүн көрсөтүү, ага бийлик өкүлдөрүнүн, кайдыгер эмес кишилердин көңүлүн буруу болгон. 

«Мектеп директорлору менен сүйлөшсөң ажаткана жөнүндө ооз ачышпайт. Бул уят эмес, тескерисинче, эң маанилүү маселе», — дейт Жанадылов. 

Ал ошондой эле мындай долбоорлорду өлкө боюнча жайылтуу жана түшүндүрүү иштери көп болушу керек деп эсептейт. 

Автору: Алтынай Нурланбек кызы

Иллюстративдик сүрөттөрдүн автору: Равшанбек Каримов

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.