Эски полигондон калган авиабомбалар кадамжайлыктарды кооптонтууда

Кадамжай районундагы Миң-Чынар айылында 20 авиабомба табылып, жардырылды.  Учурда куралдуу күчтөрдүн тобу  издөө иштерин улантып жатышат. 

Миң-Чынар айылындагы Айыпжан Нишанкуловдун үйүнөн эки ай мурда 100 килограммдык авиабомба табылган. Бул окуядан кийин үйүндө жашоодон кооптонуп турат.

“Темир экен деп үйдүн ары жагына коюп койгом. Көрсө, ал бомба болуп чыкты. Анан айыл өкмөткө чалып, алар келип алып кетишти. Кооптонуп калдык. Коркунуч бар. Дагы деле ар жактан чыгып жатат”,- дейт Миң-Чынар айылынын тургуну Айыпжан Нишанкулов.

Аталган аймак СССР мезгилинде авиабомбаларды тестирлөөчү полигон болуп тургандыктан, жарылуучу заттар калып кеткен. Ал калдыктар азыркыга чейин ээн талаада гана эмес, үй бакчаларынан да чыгып жатат.  Учурда элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кооптуу жайларга адамдардын кирүүсүнө тыюу  салынган. Авиабомбалар табылган аянтка жаңы конуш түзүлмөк болуп, элге жер тилкелери да берилген. Бирок бомбалар табылгандан тарта андагы 500 миң чарчы метр жер кооптуу деп көзөмөлгө алынган.

“Жалпы аянты абдан чоң. Андыктан анын качан тазаланып бүтүшү боюнча айта албайбыз. Бул жер мурда авиациялык аянтча болгондуктан, кайсы жерге канчалык бомба ташталган же ташталбаганын эч ким билбейт. Бирок тазаланып бүткөрлүшү октябрга пландалган”,- дейт №30295 аскер бөлүгүнүн инженердик кызматынын башчысы Нурбек Жангазиев.

Учурда калктуу конуштарды тазалоо баштала элек. Бирок бомба көп табылган аянттарда үзгүлтүксүз издөө иштери жүрүп жатат.

Аталган аймакта 2007-2008-жылдары да жарылбай калган үч тарыхый авиабомба табылган. Алардын экөөсүн карапайым тургундар таап алып, турмуш тиричилигине колдонуп жаткан жеринен кайтарылган.

Бийлик өкүлдөрүнүн маалыматына караганда, өткөн кылымдын 45-60-жылдары азыркы Кадамжай районунун Ак-Турпак, Халмион айыл өкмөттөрүнүн жана Өзбекстандын Риштан районунун аймагында советтик аскерлердин машыгуу полигондору жайгашкан экен.

Текст: Феруза Аскарбек кызы

Видео: Жыргал Абдыжалил уулу

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.