
Улуттук банк эскилиги жеткен акчаларды алмаштырууну, өлчөнгөн алтын куймаларды, нумизматикалык баалуулуктарды сатуу боюнча операцияларды убактылуу токтотту. Бул тууралуу Улуттук банктын Ош облусттук башкармалыгы билдирди.
Банктын мындай аракети өлкөдөгү курч эпидемиологиялык кырдаал менен байланыштуу.
“СOVID-19 инфекциясынын жайылып кетүү тобокелдигин азайтуу максатында алмаштыруу, сатуу операциялары токтотулду. Кызматтар өлкөдөгү абал жакшыргандан кийин ишин жандантат”,-деп айтылат маалыматта .
- 07.08.2020