Эскертүү! 27-июнда Чоң-Алайдагы жайма жана мал базарлар иштебейт

Эртең, 27-июнда Чоң-Алай районундагы жайма базар жана мал базар иштебейт. Бул тууралуу  “Ынтымактын”аймактык кабарчысы билдирди.

Аталган райондо эпидемиологиялык кырдаалдын күчөп кеткендигинен улам, элдин коопсуздугу эске алынып, базарлардын иштебөө чечими чыгарылды.

Өзгөчө кырдаал учурунда киргизилген чектөөлөрдөн кийин 6-июнь күнү Чоң-Алай районунда мал базар жана кийим кече, азык-түлүк саткан базарлар иштей баштаган.

Коомчулуктун коопсуздугун эске алган жергиликтүү бийлик базарлардын жуманын ишемби күндөрү гана болуусун шарттаган.

Чоң-Алай районунда коронавирустун жалпы 19 учуру катталган. Алардын сегизи сырттан келгендер, 11 адам оорулуулар менен байланышта болгондор. Учурлардын 13ү эркек болсо, 6оосу аялдар. 14 жашка чейинки балдардын саны 3тү түзөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.