Эркин күрөш боюнча курама команда Азия чемпионатына даярдык көрүүдө

Эркин күрөш боюнча курама команда Азия чемпионатына даярдык көрүүдө. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктиктен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Азия чемпионатына жана эл аралык лицензиялык мелдештерге ийгиликтүү даярдануу максатында Кыргыз Республикасынын эркин күрөш боюнча курама командасынын мүчөлөрү Булан-Сөгөттү айылында (Ысык-Көл облусу) окуу-машыгуу жыйын өткөрүп жатышат.
Окуу-машыгуу жыйын 6-мартта башталган жана 4-апрелге чейин уланат. Окуу-машыгуу жыйын Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекция тарабынан каржыланды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.