Энергияны үнөмдөө үчүн ири ишканаларды курууга акчалай колдоо көрсөтүлөт

Кыргызстанда электр энергиясын үнөмдөө үчүн чакан жана ири ишканаларды курууга акчалай колдоо көрсөтүлүп жатат. Каражатка электр жарыгын үнөмдөөчү жабдыктарды сатып алууга болот. Бул жумуштар Европа реканструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан аткарылып жатат. Демилге “Энергия үнөмдөө” программасы аркылуу ишке ашууда. Долбоор тургундарды 30 пайыздык гранттык каражаттар менен камсыздайт.

Европа биримдигинин КР өкүлчүлүгүнүн адиси Йоханнес Мадсендин айтымында, программа аркылуу энергияга болгон чыгымды азайтуу максатталган. 4 жылда өлкө боюнча 60 ишкана аталган долбоордон насыя алды. Ошондой эле көп кабаттуу үйлөрдөгүлөр да мүмкүнчүлүктөн пайдалана алышты.

Программанын Кыргызстанда иштеп жатканына 5 жылга жакындап калды. Долбоордун адистери тургундарга шарт түзүп берүү үчүн гранттык каражаттарды алуудагы шарттар жөнөкөй экенин белгилешүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.