Энергетика тармагын каржылык жактан күчтөндүрүү маселеси талкууланды

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Азиз Аалиев Кыргызстандагы Дүйнөлүк банктын Туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Навид Хасан Накви менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө энергетикалык тармакты өнүктүрүү келечеги, энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагындагы долбоорлор, энергетика тармагын өнүктүрүүгө арналган форумду уюштуруу, ошондой эле  Кыргызстан жана Дүйнөлүк банк ортосундагы өнөктөштүктүн 30 жылдыгын белгилөө боюнча юбилейлик иш-чараларды өткөрүү маселелери талкууланды.

Тараптар энергетика тармагын каржылык жактан күчтөндүрүү долбооруна өзгөчө басым жасады.

Азиз Аалиев белгилегендей, Дүйнөлүк банк негизги багыттарда реформаларды ишке ашырууда республиканын ишенимдүү өнөктөшү болуп саналат жана каржы институтунун өлкө өнүгүүсүнө кошкон салымын белгиледи. Ал мындан ары карай да натыйжалуу кызматташууга даяр экенин билдирди.

Кыргызстандагы Дүйнөлүк банктын Туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Навид Хасан Накви Министрлер Кабинетинин демилгелерине колдоо көрсөтүүгө жана келечекте кызматташтыкты өнүктүрүгө даярдыгын билдирди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.