Эми үй карантининдеги жарандарга дарыгерлер аралыктан эле текшерүү жүргүзө алышат

Үй карантинине алынган жарандар эми дарыгерлер тарабынан монитортнг аркылуу көзөмөлдөнөөрүн республикалык штабдан маалым болду.

Атайын ресурс жана мобилдик тиркеме үй карантининдеги жарандарга колдонулат. Тиркеме карантин мезгилинде тийиштүү милдеттенмеге кол койгон жарандын ыктыярдуу макулдугу менен гана телефонго орнотулат.

Белгилүү болгондой, тиркеме аркылуу адамдар өзүнүн абалы тууралуу медициналык кызматкерлерге аралыктан маалымат бере алат. Ошондой эле бейтаптардын ден- соолугуна байкоо жүргүзүүгө шарт түзүп, дарыгерлердин ишин жеңилдетет;

Үй карантиндеги адамдар шашылыш учурда жана ден соолугу начарлап кеткенде SOS белгидеги баскычын колдонуп медиктерди чакыра алат;

Аталган ресурстагы маалыматтар кызматтык колдонулуп, ага чектелүү гана адамдар, б.а мамлекеттик органдар тарабынан өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимдеринин кесепеттерин жоюу жана болтурбоого жооптуу деп белгиленген чектелүү гана адамдар кире алат.

Учурда өлкөдө вирусту 419 жаран жуктуруп, 67 адам айыгып чыкса, 5 адам көз жумду.

Коменданттык саат: ИИМдин 14-апрелге карата маалыматы

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.