Эми автономерлерди “Унаа” ишканасы бир жылга гана сактайт

Эми “Унаа” мамлекеттик мекемесине тапшырылган мамлекеттик унаа номери 1 жыл убакытка сакталат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы(ММК) билдирди.

Өкмөттүн 7-декабрдагы унаа каражаттарын каттоо боюнча токтомуна киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, күбөлүгү бар, өзгөчө сандар комбинациясы менен болгон мамлекеттик номер белгилеринин сактоо мөөнөтү аныкталды.

Эгерде күбөлүгү бар унаа номердин ээси 1 жылдын ичинде унаага каттоо үчүн кайрылбаса, анда ал жок кылынат. Жаңы үлгүдөгү мамлекеттик номурду күбөлүктү көрсөткөндөн кийин калыбына келтирүүгө болот. Ал эми эски үлгүдөгү мамлекеттик номерлерди калыбына келтирүү мүмкүн эмес.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.