Социалдык өнүктүрүү министрлигинин эки мекемеси жалпы суммасы 145 миң 191  долларлык колдоо алышат

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин эки мекемеси жалпы суммасы 145 миң 191  долларды түзгөн колдоо алышат. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

Колдоо Япония Өкмөтүнүн “Чөптүн тамыры жана адам коопсуздугу” гранттык программасынын алкагында берилет.

Ал каражатка Токмоктогу №1 психоневрологиялык социалдык стационардык мекемеге суммасы 75 миң 106 долларлык медициналык жана лабораториялык шаймандар, эмеректер, линолеум, тиричилик жана өндүрүш шаймандары берилет.

Ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар, анын ичинде балдар Сокулуктагы реабилитациялоо борборуна жалпы суммасы 70 миң 085 доллар түзгөн реабилитациялык, медициналык жабдуулар, эмеректер жана тиричилик техникасы, атайын медициналык авто-унаа, линолеум берилет.

Чөптүн тамыры жана адам коопсуздугу боюнча гранттык программа Кыргызстанда 1996-жылдан бери ишке ашырылып келе жатат. Ал жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, баштапкы саламаттыкты сактоо мекемелеринин, башталгыч билим берүүнүн, өкмөттүк эмес уюмдардын аракеттери менен адамдын негизги муктаждыктарын чечүүгө багытталган.

Ушул убакыттын ичинде аталган программанын алкагында Кыргызстанда жалпы суммасы 11 млн 042 411 доллар түзгөн 163 долбоор ишке ашырылган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.