Эмгек сиңирген режиссёр Жадылбек Мидинов дүйнө салды

Кыргыз театр искусствосу орду толгус оор жоготууга учурады.

Кечээ, 8-августта 65 жаш курагында узакка созулган оорудан Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмери, кыргыз театр искусствосунун талантуу режиссеру, Б. Кыдыкеева атындагы кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын көркөм жетекчиси Жадылбек (Жалил) Мидинов дүйнөдөн кайтты. Бүгүн анын акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.

Ага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, туугандары, замандаштары жана кесиптештери катышты. Жадылбек Мидиновдун сөөгү “Ала- Арча” көрүстөнүнө коюлду.

Жадылбек Мидинов 1956-жылы 15-июлда Нарын облусунун Жумгал районундагы Кызыл-Жылдыз айылында жарык дүйнөгө келген.

1973-жылы Кызыл-Жылдыз айылындагы орто мектепти ийгиликтүү аяктагандан кийин Кыргыз Улуттук Т . Абдумомунов атындагы академиялык драма театрынын алдындагы Театралдык студиядан билим алган. Аталган студияны бүтүрүп чыгып, М. Жангазиев атындагы Республикалык куурчак театрында актер болуп эмгек жолун баштаган.

1983-1987-жылдары Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун “театрдын режиссеру” адистигин аяктаган.

1990-1991-жылдары Санкт-Петербург шаарында Н. Черкасов атындагы мамлекеттик театр, музыка жана кинематография институтунда жогорку режиссердук курста белгилүү режиссер, Орусиянын искусствосуна эмгек сиңирген ишмери А. Белинскийдин курсунда окуган.

Окууну аяктаган күндөн тартып, М. Жангазиев атындагы куурчак театрында башкы режиссёр болуп эмгектенген.

1996-1998-жылдары Б. Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрында режиссер-коюучу кызматын аткарган.

1998-жылы эксперименталдык куурчак театрларынын негиздөөчүсү жана жетекчиси болуп “Тунгуч” театрынын алдында иш алып барган.

2008-жылы кайрадан М. Жангазиев атындагы куурчак театрында башкы режиссер болуп дайындалат. Андан соң, театрдын көркөм жетекчиси жана режиссеру, Чүй облустук Ш. Термечиков атындагы театрдын режиссеру, Нарын облустук М. Рыскулов атындагы академиялык музыкалык драма театрынын көркөм жетекчиси, акыркы учурда Б. Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрында көркөм жетекчилик кызматтарды аткарып келди.

Жадылбек Мидинов чыгармачылык өмүрүндө В.Гауфдун «Калиф-аист», Ж. Саалаевдин «Меер-мөөр», С. Козловдун «Поющий поросенок» Ж. Сейдахматованын «Куурчактар жана балдар” шоу-программасын, Ш. Перронун «Спящая красавица», Ж. Мидиновдун «Жалгыз чабан», Р. Маркованын «Лесная пасека», В. Масловдун «Күнөстүү коенек», Э. Мусаевдин «Ким күнөөлүү», Ж.Кулманбетовдун «Уурдалган от», Р. Мингалимовдун «Темир кулактуу шайтан», Ю.Тойчубековдун «Кыдыр», Ж.Садыковдун “Зыкым жана байкуш”, В. Масловдун «Коенек», Ош ОУДТда «Токойдогу окуя» «Кетпечи Бугу-Эне» спектаклдерин сахналаштырган.

Анын эң бир синтездештирилип коюлган негиздүү спектаклдеринин бири Б. Омуралиевдин «Томого» пьесасынын негизинде коюлган чыгармасы болду жана көптөгөн алдыңкы сыйлыктарга жетишти.
2011-жылы Алма- Ата шаарында өткөн “Ортеке” эл аралык фестивалында Гран-Прини жеңип алышкан.
2009-жылы Казань (Орусия) шаарында өткөн Түрк тилдүү мамлекеттердин театрларынын эл аралык фестивалында көрүүчүлөрдүн жана калыстардын жогорку баадагы алкоосуна арзыган.

“Тунгуч” эксперименталдык жаштар театрында Ч. Айтматовдун чыгармасынын негизинде “Кетпечи Бугу-Эне” спектакли заманбап формада сахналаштырылып, 2010-жылы Кытай Эл Республикасында өткөн эл аралык фестивалда биринчи сыйлыктын номинанты болушкан.

Чыгармачылык талантынын көп кырдуулугунун негизинде куурчак театрынын спектаклдеринен сырткары драмалык чыгармаларды да сахналаштырып, кыргыз театр искусствосунун өнүгүшүнө зор салымын кошуп келди.

Ж. Мидинов биздин өлкөдөн сырткары Кытай Эл Республикасында, Литвада, Монголияда, Россия Федерациясында жана Өзбекистан, Казакстан Республикаларында өткөн ар кандай эл аралык кароо-сынактардын, фестивалдардын катышуучу жана жеңүүчүсү болгон.

КРнын маданияты менен көркөм өнөрүнүн өнүгүп-өсүшүнө чын ылакстан кызмат кылып, зор эмгектерди сиңиргендиги мамлекет тарабынан бааланып, Кыргызстандын улуттук «Эргүү» театр искусствосу сыйлыгынын эки жолку ээси, Маданияттын мыкты кызматкери, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, жана башка бир нече сыйлыктардын ээси болгон.

Кыргыз элибиздин чыгаан таланты, өзүнүн кайталангыс эмгеги менен улуттук маданиятыбыздын жана искусствонун кеңири катмарына таанымал болгон белгилүү режиссер, Жадылбек Мидиновдун жаркын элеси замандаштарынын, кесиптештеринин жана жакындарынын эсинде түбөлүккө сакталат.

“Ынтымактын” жамааты маркумдун үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.