Эльвира Сурабалдиева менен Мейкинбек Абдалиев парламентте ант беришти

Жогорку Кеңештин жыйынында №27 Биринчи май шайлоо округу боюнча шайланып келген Эльвира Сурабалдиева менен “Ата Журт-Кыргызстан” саясий партиясынан шайланып келген
Мейкинбек Абдалиев ант берди. Бул туурасында Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан билдиришти.

Мейкинбек Абдалиев башка кызматка которулган Равшанбек Сабировдун ордуна депутат болуп келди.

Бишкектеги Биринчи май жана Свердлов шайлоо округунда өткөн жылы 28-ноябрда өткөн шайлоодо “баарына каршы” деген добуш көп болуп, 28-февральда кайра шайлоо өткөрүлгөн.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.