
Аскер прокуратурасы депутат Эльвира Сурабалдиеваны суракка чакырды. Ал мурдагы ички иштер министри Курсан Асановдун иши боюнча күбө катары чакырылган.
Сурабалдиева суракка 18-сентябрга чакырылган.
“Расмий кагаз түрүндө чакыруу болгон жок. Анда Курсан Асановдун иши боюнча күбө катары сураларым айтылды. Мен ал убакта аймактарда үгүт иштери менен жүргөм. Ошондуктан суракка бара алган жокмун”, – деди Сурабалдиева.
Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева Аскер прокуратурасына күбө катары суракка чакырылганын, бирок расмий чакыруу албаганын 20-сентябрда билдирген.
Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Элвира Сурабалдиева күзүндө өтчү парламенттик шайлоого «Ата Мекен» партиясынын тизмесинде төртүнчү орунда баратат.
- 21.09.2020