Элеттик аялдарды аксаткан жумушсуздук

Баткен облусунун тургуну Жылдыз Жаныбек кызы жумушсуз аялдардын катарын толуктайт. Анын педагогикалык билими бар. Бирок айылындагы мектепте бош орун жоктугунан, ишке орношуу мүмкүн болбой калган. Каарманыбыз учурда үй тиричилиги, баласын чоңойтуу менен алек.

Жылдыз Жаныбек кызы

“Айыл жеринде мектеп, бала бакча, медициналык тейлөө мекемелеринен башка ишкана жок да, ошого кыз-келиндердин көбү ушул багытта билим алабыз. Ага жараша кадрлар дагы көп болот экен. Мен окуу жайды бүткөнүмө 3 жыл болду. Аял киши бош отурбай бир жумуш менен алек болушу керек экен. Өзү каражат тапкан баарыбир жакшы да. Керектөөлөрүмө жолдошуман акча сураганда дайыма ыңгайсыз боло берем”,- деди Жылдыз Жаныбек кызы.

Оштун тургуну Жаркынай Абдрахманова дагы туруктуу жумуштун жоктугунан аксап келет. 40 жашка таяп калган каарманыбыз жогорку же орто окуу жайда кесиптик билим алган эмес. Ошондуктан кара жумуштарда жалданып иштеп акча табууга аргасыз.

“Буга чейин көбүнчө тамактануучу жайларда идиш, ооруканаларда пол жууп иштеп көрдүм. Кыйраткан каражат таппайсың. Анан курулуш жүрүп жаткан жерлерде ашпозчу болуп, курулуп бүткөн жерлерди тазалап берип дагы акча тапкан күндөрүм болду. Азыр бир соода борбордун алдын шыпырып иштеп жүрөм. Жолдошума аз да болсо жардамдашпасам болбойт. Балдарыбыз мектепти бүтүү алдында турат. Аларды дагы окутуп, өстүрүшүбүз керек”, –деди каарманыбыз.

Кыргызстанда жумушсуз аялдардын басымдуусу элет жеринде жашагандар. Мисалы, социалдык камсыздоо министрлигинин иш менен камсыз кылуу кызматтарында ушул жылдын 1-майына карата 29 миң 135элеттик жумушсуз аял каттоодо турат.

Бул министрликте расмий каттоодо турган гана жумушсуз аялдардын көрсөткүчү. Өлкө боюнча жумушсуздуктун деңгээли мындан дагы жогору экендиги айтылып келет.

Жумушсуздукка себеп жана көйгөйдөн чыгууга боюнча сунуштар

Аял ишкердигин өнүктүрүү боюнча тренер-конлсультант Махабат Жакееванын айтымында, элеттеги кыз-келиндердин жумушсуздугуна  мекеме ишканалардын аздыгы, коомдо калыптанып калган “аял киши үйдө отуруш керек”, “анын милдети бала тарбиялоо” деген түшүнүктөр жана аялдардын өзүнүн аракет, жөндөмүнүн жоктугу жумушсуздукка таасирин тийгизип жатат.

Мисалы, үйдө отурган кыз-келиндерде акча жагынан көз карандуулук пайда болуп, өзү каалаган кийимин алып кийе албайт, каражат тартыш болгондо жолдошу менен пикир келишппестикке барат. Мындай учурда көпчүлүк үй-бүлөлөрдө жаңжал ырбап, аягы ажырашууга жетет. Тескерисинче, аял киши иштесе – биринчиден жеке адам катары өзүн өнүктүрөт. Мындан тышкары каражат табуусуна, жолдошуна көмөкчү болуусуна жол ачылат.

“Жеке үй-бүлөнүн гана жашоосу жакшырбастан, бул жерде аял кишини ишмердүүлүгү ал жашап жаткан айыл аймактын өнүгүүсүнө дагы салым кошот. Аял деген ушундай жан – өзү жакшы ишти аткарса, көбүрөөк адамга жардам берүүгө аракет жасайт. Мисалы, жанындагы адамдарга кошумча жумуш орундарын түзөт. Ошону менен бирге үйдө жумушсуз отурган бирок, кандайдыр бир нерсеге өнөрү бар аялдарга дагы шарт түзүп, жумуш орундарын түзүп бергенге шыктуу келет”.

Аялдардын ишкерлигин жайылтуу боюнча долбоордун аткаруучусу Химия Суеркулова ар бир аял өзүнүн жөндөмүн бизнеске айландырса болорун билдирди.

Бирок өзүн кыйнап эмес, көңүлүнө жаккан ишкерликтин түрүн тандап алган оң. Ошол эле учурда ал айылда эл эмнеге муктаж болуп жаткандыгын байкоо маанилүү. Мисалы, токулган кийимдер, сүттөн жасалган азыктарды даярдап акча табууга болот. Жалпысынан “мен эмнени жасай алам” жана “элге эмне керек” деген айкалышка жооп табуу менен иш таап кетүү мүмкүнчүлүгү бар.

Химия Суеркулова

“Мамлекеттик деңгээлде дагы иш-чаралар аткарылышы керек. Себеби бир айылда орто эсеп менен миң аял жашаса, ошонун ичинен бешөө тигүү цехин ачса, дагы беш аял кондитердик азыктарды даярдаганда дагы жумуш менен камсыз болгондордун саны аз көрсөткүчтү түзүп жатат. Ал эми ири долбоорлордун алкагында көп иш орду менен камсыздап, туруктуу кирешеге жеткирүүгө болот. Мисалы Индия мамлекетинде жаздык тигүү керек болсо анын үлгүсү аялдарга таратылып берилет. Анан кездеме, жип сыяктуу керектелүүчү каражаттарды жеткирүү кызматтары ар бир аялдын үйүнө жеткирип берет экен. Ошентип тигүүчүлөр үй шартында эле талап кылынган стандарттагы жаздыкты даярдап болгондон соң, алып келип тапшырып эмгек акыларын алышарын көрдүм. Анализ жүргүзсөк бул жерде үнөмдөө жолго коюлган. Өзүнчө тигүү цехтерин куруу, цехти тазалап, көзөмөлдөөгө дагы өзүнчө кызматкерлерди тартуунуну зарылчылыгы жок. Бизде дагы ушул сыяктуу ар бир жаран өз үйүндө, бала-чакасынын жанында киреше табуу мүмкүнчүлүктөрүн түзүп берсек болот”,- деди  Химия Суеркулова.

Ишкерликти айылдан баштап, ааламга жайылтууга жол ачкан программа иштей баштады

Кыргызстанда кошумча жумуш орундарын тузүү, аялдардын миграциясын азайтууга багытталган 5 жылдык мамлекеттик программа иштеп баштады. Программаны министрликтер, эл аралык уюмдар жана бизнес ассоциациялардын өкүлдөрү ишке ашырышат.

Жумушчу топтун өкүлү, “Курак” аялдар форумунун төрайымы Айнура Сагынбаеванын айтымында, “Ишкер Айымдар — Айылдан ааламга”  аталышындагы программа 5 тармакты өзүнө камтыйт. Биринчисинде аймактагы аялдар менен жолугушуулар өткөрүлүп, эксперттер ишкерлик боюнча тажрыйбалары менен бөлүшүп жатышат. Программанын жүрүшүндө финансылык сабаттуулук, бизнес баштоо жана аны андан ары өнүктүрүп кетүү боюнча өзүнчө окутуулар уюштурулат. Мындан тышкары, кичи жана орто бизнес ачуу үчүн каржылык колдоо көрсөтүлөт. Каржылоо эл аралык уюмдар менен коммерциялык банктардын колдоосунда ишке ашырылмакчы.

Муну менен катар аймактарда программанын аткарылышы боюнча мониторинг жүргүзүлүп турат. Бул өз кезегинде иш-чаралардын жеткиликтүү болушуна жана аялдарга пайда алып келишине шарт түзөт.

Шык, жөндөмүн бизнеске айландырган Насиба Тошматова

Ош облусунун тургуну Насиба Тошматова 15 жылдан бери тигүүчүлүк менен алектенет. Бул боюнча атайын кесиптик билим алган эмес. Өзүнүн жөндөмү менен кызыгуусу себеп болгонун айтты. Башында үйүндөгүлөргө, коңшуларына кийим-кече тигип жүрсө, бара-бара башка айылдардан дагы буюртмалар көбөйүп, каарманыбыз тигүүчүлүк чөйрөсүнө биротоло киришип кеткен.

Насиба Тошматова учурда кыркуу, тигүү жумуштарынан тарта кыздарга сеп даярдоодого чейинки иштерди аткарат. Каарманыбыз аялдардын мынтип бир жумуш менен алек болушун колдойт. Ал өзү дагы тигүүчүлүктүн артынан сергек жашоого жеткенин жана үй-бүлөлүк бюджетке салым кошуп жатканына кубанат.

“Келиним, кызым дагы үйдө бекер отурбай мага жардам беришет. Биздин иштеп турганыбыздын артынан үй-бүлөлүк бюджетке дайыма киреше түшүп турат. Жакшы да, бир кемчилик болсо бирөөдөн акча сурап убара болбойсуз. Мен башынан эле жолдошуман, балдарыман акча сурабайм. Өзүм иштеп, каражат таап, эркин колдонуп келе жатам. Дээрлик бекер отурбайм. Ишиңиздин пайдасын көрүп жаткандан кийин дайыма аракетте болосуз. Мындан тышкары, ден соолугуңузга дагы пайда. Мен азыр 64 жашка чыктым. Кээ бирлери ушул жашыңызда дагы тынбай иштеп жүрөсүзбү дешет. Бирок, тигип-бычуу менен алек болуп, оору-сыркоону дагы билбейм”.

Торт жасап киреше тапкан ишер аял

Оштун Ноокат районунун тургуну Элдана Абдыгасы кызы элет жеринде ишкерлигин түптөгөндөрдүн бири. Ал эки жылга жакын убакыттан бери торт жасап каражат табууда. Буга анын өзүнүн шыгы түрткү болгон жана онлайн курстарга катышып тажрыйбасын арттырган.

Башында айылдаштары гана буюртма берип, аларга тортторду үйдө жасап берчү. Кийин тортторду социалдык тармактарга жарыялап, буюртмалардын саны дагы көбөйгөн. Анын негизинде кондитердик цех ачып, эки кызды жардамчы кылып жумушка алган. Учурда цехте күнүнө 20га жакын торт сатылат.

Каарманыбыздын бир айдагы кирешеси 80 миң сомго чейин жетет. Күз, кыш мезгилинде майрам, тойлор көп болгондуктан буюртма көп түшүп, ага жараша киреше дагы көбөйөт.

“Биринчи үйдө торт жасачумун. Кийин коңшуларыбыз дагы буюртма берип жүрдү. Биздин айылда эч ким торт жасап сатпайт. Анан дүкөндөрдөн сен жасаган жакшы экен деп айтышты. Анан ошол сөздөр менен күчтөнүп торт жасай баштадым. Кээ бирлерине бул гүл жакпай калат. Айрымдары мөмө-жемиштер менен кооздоп жасап бер дешсе, башкалары сүрөт коюп бер дейт. Биз алардын тандоо, табитине жараша даярдап беребиз. Көпчүлүгү кыздарга торт жасоону үйрөтүңүз дешет. Ошондуктан жумушсуз жүргөн аялдарга торт даярдоо сырларым менен бөлүшүп, алар дагы каражат таап, иш менен камсыз болуп калса дейм. Алдыда торт менен эле чектелип калбай, башка дагы шириндиктердин түрүн чыгарсак деген планыбыз бар”.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын калкынын 50 пайызын аялдар түзөт. Анын 64 пайызы элет жеринде жашайт. Ошондуктан элеттеги кыз-келиндерди жумушка тартуу менен өлкө экономикасын бир топ алдыга жылдырууга болору айтылып келет.

“Бул материал АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) жана FHI360 уюму өнөктөштүктө, Кыргызстандагы Интерньюстун өкүлчүлүгүнүн Медиа-К аталган долбоорунун колдоосу менен ишке ашырылды. Материалда айтылган пикирлер Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн көз карашына дал келбеши да мүмкүн.

Материалдын автору Нуржамал Баргыбаева

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.