Электр чубалгыларына “оролгон” айыл

Баткендин Кара-Бак айыл өкмөтүндөгү Дөбө айылында электр мамычалары кооптуу абалда турат. Эл өзү орнотуп алган жыгач түркүктөрдүн эскилиги жетип, кулап түшүү коркунучунда. Айыл түптөлгөндөн бери талапка жооп берген электр мамычылары орнотула элек.

Чек арага жакын жашаган дөбөлүктөр мамлекет орнотуп бербеген мамыларды өздөрү жыгачтан коюп алган. Алар ар түрдүү, эптеп түркөп койгондору да бар.

Жыгач мамычалардын кызмат кылганына дээрлик 25 жыл болду. Улам эскилиги жетип, жергиликтүү тургундар үчүн кооптуу жагдай күч алууда. Электр зымдары жерден бир аз эле жогору. Шамал болсо,  мамычалар кулап түшөт, – дейт дөбөлүктөр.

Элди нааразы кылган дагы бир жагдай – электр зым, мамычаларын карап, оңдоп койбогон РЭС кызматкерлери жарык үчүн акыны сурашты эстен чыгарбайт.

“1993-жылдан бери акыбал ушул. Светке кадимкидей акы төлөйбүз, бирок коопсуздугубузга эч ким көңүл бурбайт”, – дейт Дөбө айылынын тургуну Токтосун Ашымов.

Дөбө айылында 100дөн ашык түтүн жашайт. Айыл жаңы түптөлгөндө тургундар убактылуу гана жыгач мамычаларды коюп турушкан. Бирок тиешелүү кызмат ошол боюнча аны стандартка шайкеш мамычаларга алмаштырган жок. Айласы кеткен тургундар эскиргендерин жаңылап турууну адатка айлантты. Ал да жыл айланбай кулап, чубалгылар үзүлөт. Бир мамыча куласа, дөбөлүктөрдүн баары жарыксыз калат.

Мамычалар талапка ылайык болбогон үчүн электр энергиясынын кубаты да начар. Буга жергиликтүүлөр көнүп деле калышкан. Бирок адам өмүрүнө коркунуч жаралабы деп кооптонушат.

 “Ток зымдарына адам бою жетет. Жаш балдар ойноп жүрүп, токко урунуп алабы деп коркосуң. Эгер чоң жүк ташуучу унаалар өтсө, ток үзүлүп калат”, – дейт Дөбө айылынын дагы бир тургуну Абдырасул Исаев.

Жергиликтүүлөр Кара-Бак айыл өкмөтүнө талапка жооп берген мамычаларды орнотуп берүү боюнча бир нече жолу кайрылышкан. Бирок айыл өкмөт дотацияда турганы үчүн элдин мүдөсүн аткара албай келет. Себеби бардык мамычаларды алмаштырууга көп акча талап кылынат деген жергиликтүү бийлик бул көйгөй бир эле Дөбө айылында эмес экенин белгилейт.

 “Талаптагыдай электр мамычаларын, зымдарды алганга акча каражат жетишсиз. Өзүбүз дотацияда турабыз, күчүбүз жетпейт. Кара-Бактын баарын камсыз кыла албайбыз. Башка айылдарда да мындай абал жоюла элек, бул нормалдуу эле нерсе”, – дейт Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Закир Темиров.

Айыл өкмөт жетекчилиги мамычаларды жаңылоого 2018-жылдын бюджетинен акча бөлүүнү пландап жатканын кошумчалады. Эгер каржы ажыратылса, электр мамычалар дароо алмаштырылат.

Эске салсак, Дөбө өткөн жылы гана айыл макамын алган. Андан бери социалдык көйгөйлөрдүн бири да чечиле элек.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.