Эл жана эл аралык уюмдардын аракети. Өзгөндүн Шагым айылында балдар аянтчасы курулду

Өзгөндүн Шагым айылында балдар аянтчасы курулду. Буга айыл тургундары жана USAIDдин “Жигердүү Жарандар” долбоорунун алкагында колдоо көрсөтүлдү.

Маалыматка ылайык, Шагым айылында балдар аянтчасынын жоктугу жашоочуларга бир топ ыңгайсыздыктарды алып келчү. Маселени жоюу максатында жергиликтүү кеңештин депутаттары, жеке ишкерлер жана эл арасынан түзүлгөн демилгелүү жарандардын ортосунда жумушчу топ түзүлгөн.

“2020-жылы айыл өкмөт жетекчилиги USAIDдин “Жигердүү Жарандар” долбоорунун өкүлдөрү менен кызматташтык келишимине кол койгон. Бирок, балдар аянтчасын курууга бош жердин жоктугу көйгөй жаратты.Узакка созулган аракеттен кийин К. Эрматов атындагы мектептин аянтчасы пайдаланууга боло тургандыгы аныкталды. Ал эми USAIDдин “Жигердүү Жарандар” долбоорунан архитектуралык-пландоо заказ кылынып, сметасы аныкталды”, – деп айтылат маалыматта.

Демилгенин жалпы бюджети 2 471 000 сомду түздү.

Айыл тургундары, чет мамлекетте эмгектендер жана ишкерлер тарабынан материалдык жана физикалык түрдө колдоо көрсөтүлдү. USAID оюн аянтчасынына зарыл делген материалдарды алып берди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.