Эль-Кувейт шаарында Кыргызстан менен Кувейттин кызматташтыгынын 25-жылдыгы белгиленүүдө. Фото

Дипломатиялык кызматташтыктын 25-жылдык мааракесине башланыштуу Кувейт мамлекетинде  бир жума бою кыргыз делегациясынын катышуусу менен маданият, бизнес жана туризм тармагында бир катар иш-чара өтөт.  Бул тууралуу “Ынтымакка” Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов кабарлады.

“Бул жумалыктын алкагында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ишмердүүлүгүнө арналган конференцияны өткөрүү пландалууда. Андан тышкары Кыргызстандын туристтик потенциалын да тартуулайбыз. Кыскасы, ушул 4-5 күндө биз кувейттиктерге кыргыз экономикасы, маданияты жана туристтик потенциалы тууралуу маалымат беришибиз керек”, – деди министр.

Эки тараптуу жолугушууда , кыргыз туризминин потенциалын баардык телеканалдардан чагылдыруу жана маалыматтык жактан колдоо көрсөтүү тууралуу келишимге кол коюу күтүлүүдө. Андан тышкары туризм тууралуу келишим даярдалууда.

Белгилей кетсек, бир жумалык иш сапарга “Ынтымак” КРТРКнын кызматкерлери да катышууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.