Эл каттоо 25-мартта башталат

Кыргызстанда Эл жана турак жай фондун каттоо 2022-жылдын 25-мартынан 3-апрелине чейин өткөрүлөт. Алыскы аймактарда 2022-жылдын 23-апрелинен 3-майга чейин жүргүзүлөт.

Маалыматтык компания Россия Федерациясынын каржылык колдоосу менен БУУнун Калкты жайгаштыруу фонду тарабынан ишке ашырылып жаткан “Кыргызстат” Калктын статистикасын иштеп чыгуу, анализдөө жана жайылтуу үчүн Кыргыз Республикасынын улуттук статистикалык системасын бекемдөө”долбоору тарабынан колдоого алынган.

Каттоонун мөөнөтү короновирус пандемиясынан улам эки жылга жылдырылган. Тактап айтканда 2023-жылы иш жургүзүү бүтүшү керек.

Жакында гана 2022-жылдын 2-февралында Ош шаарында Ош, Жалал-Абад (Тогуз-Торо районунан башка), Баткен облустары жана Ош шаары боюнча райондук, облустук статистика органдарынын кызматкерлерине окутуучу семинар башталган.

Семинарлар  Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев, Улутстаткомдун статистикалык каттоо жана геомаалыматтык тутум бөлүмүнүн башчысы Римма Чыныбаева жана башка адистер катышып келишүүдө.

Анда Улутстаткомдун кызматкерлери семинардын катышуучуларына эл каттоого киргизилип жаткан жаңы эрежелер жөнүндө айтып беришип, бул жолку эл каттоо электрондук форматта өтө тургандыгын белгилеп келатышат. Улутстаткомдун адистери каттоочу барактын жаңы программасы менен семинардын катышуучуларын тааныштырып,семинардын журүшүндө Кыргыз Республикасынын эл жана турак-жай фондун каттоо боюнча жаралган башка маселелер боюнча да талкуу жүргүзүлуүдө.

Даярдаган: Б.Орозмаматова

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.