Эквадор: Президенттик шайлоодон кийинки башаламандык

Өткөн дем алыш күнү Эквадордо болуп өткөн президенттик шайлоодон кийин бир топ нааразычылыктар жаралды.

Мурдагы вице-президент Ленин Моренонун жеңип чыгышы, консерватор Гильермо Лассонун тарапташтарына макул келген жок. Маалыматка ылайык, Ленин шайлоочулардын 51% добушуна ээ болуп, ал эми атаандашы Лассо 49% добуш алган.

Белгилей кетсек, буга чейинки коомдук сурамжылоодо көпчүлүк Лассону колдоп, ал жеңишке жетээри айтылып жаткан. Бирок акыркы мүнөттөрдө жыйынтык кескин өзгөрүп кетти. Мындай көрүнүш Лассонун тарапташтарынын Ленинге каршы нааразычылык акциясына чыгуусуна түрткү болду. Бирок шайлоонун акыркы жыйынтыгы шайлоо комиссиясы тарабынан расмий жарыялана элек.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.