Эксперттер: 2017-19-жылдары доллардын баасы көтөрүлөт

Эки жылда доллардын баасы көтөрүлүп отуруп, 2019-жылдын аягына барып 1 доллар 76,5 сомго жетиши мүмкүн. Мындай божомол Евразия өнүктүрүү банкынын эксперттеринин ар ай сайын чыгуучу макроэкономикалык отчетунда айтылат.

Анда белгилегендей, Кыргызстандын экономикасында ички дүң продукциянын өсүү темпи акырындап нормалдашып жатат. Өсүүнүн кыймылдаткычы болуп алтын өндүрүү тармагы кала берүүдө. Ушул жылдын январь-февралында экономиканын реалдуу сектору айыл чарбадан да колдоо алды.

Ал ортодо суроо-талаптын көптүгү насыялоонун өсүшүн шарттайт. 2017-жылдын февралында элге берилген насыя 33,4%га жогорулады. Көбүнчө соода жана керектөө муктаждыктарына кредит алып жатышат.

2017-жылдын жыйынтыгы менен Евразия өнүктүрүү банкы Кыргызстанда ички дүң өндүрүм 3,6%га, жакынкы эки жылда 3,5 жана 3,4%га жогорулайт деп божолдоп жатат. Аны менен катар эле баалар 5,9%га , 2018-19-жылдын жыйынтыгы менен 6,8%га көтөрүлөт.

Доллардын баасы 2017-жылы орточо 69,9 сом, 2018-жылы 72,9 сом жана 2019-жылы 76,5 сом болот деп болжошту эксперттер.

Булак: 24.kg
Cүрөт: Азаттык

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.