Экотехинспекциянын кызматкерлери четинен жумуштан кетип жатат. Себеби эмнеде?

Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясында 52 бош кызмат орду бар. Кызматкерлердин жумуштан кетип жаткандыгына байланыштуу келээрки аптада бош орундардын саны 60ка жетиши мүмкүн. Бул тууралуу аталган инспекциянын башчысы Мырзабек Жапаркулов билдирди.

Мырзабек Жапаркуловдун айтымында, Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясында жумуштан кетип жаткан жарандардын саны көп.

“Баарыбыз таза иштеп, мекемебиздин аброюн көтөрүүгө аракеттерди кылып жатабыз. Бирок бул үчүн кызматкерлердин саны жетишсиз. Алардын эмгек акылары 9-12 миң сомду гана түзөт. Көпчүлүгү ушул себептен жумуштан чыгып кетип жатышат. Эгер маяна бир аз көтөрүлсө, анда туруктуулук менен жумушчуларыбыз жакшы иштемек”,- деди Жапаркулов.

Экологиялык жана техникалык инспекциясында 767 адам иштейт, анын ичинде 639 адам – мамлекеттик кызматкерлер.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.