
Үстүбүздөгү жылдын эки айында каржы пирамидаларынан жабыркагандардын саны 133 адамды түздү. Бул туурасында Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жогорудагы фактылардын көпчүлүгү Бишкек шаарында, калгандары Ош жана Ысык-Көл облустарында катталган. Алдын ала келтирилген чыгым 61 миллион сомдон ашык деп эсептелүүдө.
Укук коргоо органдарды каржы пирамида – финансылык алдамчылыктын эң кеңири таралган түрлөрүнүн бири экендигин эскертип келишүүдө.
- 16.03.2022