Египеттеги катар жардыруулар

Египетте жүз берген катар жардыруулардан кеминде 44 киши мерт кетти. Маалым болгондой, биринчи жарылуу Каирдин түндүк тарабындагы Танте шаарында катталган. Чиркөөдөгү отургучтун астына орнотулган бомба жардырылып, андан  бир нече саат өткөндөн кийин, Александрияда жанкечти храмга кире бериште өзүн жардырып жиберген. Чиркөөлөрдөгү кырсыкта каза болгондордон сырткары, 100дөгөн киши жараат алды.

Египетте 2 христиандар чиркөөсүндө катар жардыруулар катталды. Кырсыктан 44 киши каза болгону аныкталды. Учурда чабуулдарды ”Ислам мамлекети” террордук уюму жасаганын мойнуна алды. Биринчи жарылуу Танта шаарындагы чиркөөдө болуп, андан бир нече сааттан кийин Александриядагы храмда экинчи жардыруу жүз берген. Окуя өткөн суткада катталды. Анда христиан дининдегилер жекшембилик сыйынуу аземин өткөрүп жатышкан болчу.

Күбөлөрдүн айтымында, Александриядагы чиркөөнүн кире беришинде, текшерүү жүрүп жаткан маалда жанкечти өзүн жардырып жиберген.

Амаль Бехейт, күбө:

Кире бериште аны текшерип жатып, шектүү буюм таап алышты. Тартип сакчылары кармап баратканда ал өзүн жардырып жиберди. Анын жанындагы 2 полициячы каза болуп, имараттын ичиндегилер жараат алышты.

Ал эми Тантадагы жарылуу  эрте мененки 9дар чамасында, эл чогула баштаганда катталган.

Эмиль Эдвард Салиб, күбө:

Чиркөөдө адам чогулуп калган болчу. Бирок орундуктардын баары толгон жок. Бир маалда эле көзүм караңгылашып, эч нерсе көрүнбөй калды. Артымдан бирөө түртүп жибергендей эле болду. бир аздан кийин айланада эс-учун жоготуп жаткан кишилерди көрдүм. Ызы-чуу болуп кетти.

Окуядан кийин Египетте 3 айлык өзгөчө абал режими киргизилди. Ага катар өлкө башчы, терроризмге каршы күрөшүү үчүн жогорку кеңеш түзүүнү жарыялады.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.