
Өзгөн районунун Жылалды айылынын 23 жаштагы тургунун өз үйүндө өлтүрүп, унаасы менен атын урдап кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан билдиришти.
Анда маалымдалгандай, милицияга 27-февраль күнү саат 23:35 чамасында маалымат түшкөн. Натыйжада маркум К. уулу Б. каза болгон жерге кароо жүргүзүлүп, далил буюмдар алынган.
“Соттук-медициналык бюросунун экспертинин айтымында, маркумдун баш бөлүгүндө миздүү буюм менен 3-4 жолу сокку болгон. Жансыз дене Өзгөн райондук мейитканасына жеткирилип, соттук-медициналык жана соттук-дактилоскопиялык экспертиза дайындалган”, – деп айтылат маалыматта.
27-февраль күнү Өзгөн РИИБ менен Ош ОИИБдин Кылмышкерлерди издөө бөлүмүнүн кызматкерлери Баткен облусунун аймагына иш сапарына чыгышкан. Кызыл-Кыя шаарында маркумга тийиштүү “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен ат табылган.
1-мартта Кызыл-Кыядагы мейманканалардын биринен адам өлтүрүп, өзгөчө оор кылмышка шектелген “К” аттуу жаран кармалып, Өзгөн РИИБдин Тергөө кызматына жеткирилген.
Тергөө учурунда шектүү күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. Ал Кара-Суу районунун Нариман айылынын 1974-жылы туулган
И.К. аттуу тургуну, мурда соттолгон.
Азыркы учурда бул факты боюнча тиешелүү тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.



- 02.03.2022