
“Ынтымак” радиосунда Жаңы жылга карата 24 саат бою үзгүлтүксүз майрамдык эфир болот. Бул күнү эч бир угарман белексиз калбайт. Аяз ата менен аяз кыз – биздин булбул үндүү алып баруучулар Жээнбек Кулбаев менен Адеми Акимова.
Майрамдык эфир 30-декабрда таңкы саат жетиде башталып, 31-декабрдын таңына чейин уланат. Жергиликтүү ырчылар жандуу үн менен шаңдуу чыгармаларын тартуулайт.
Жыйырма төрт сааттык майрамдык эфирде кызыктуу оюндарга катышып, жакындарыңызды Жаңы жылы менен куттуктасаңыз болот. Жылдын акыркы суткасын “Ынтымак” менен узаткан эч бир угарман белексиз калбайт!
Сүрөт: god-zmei.ru
- 26.12.2017