ЕАЭБ президенттеринин кимиси бай?

Жакында Орусияда президент Владимир Путиндин 2016-жылдагы  кирешеси тууралуу декларациясы ачыкталды. “Ынтымактын” өнөктөшү – “Мейкин Азия онлайн”  ЕАЭБдеги башка өлкөлөрдүн президенттеринин декларациясын таап, беш лидердин кимиси эң бай экенин салыштырып көрдү. Бул эми расмий маалыматтар боюнча.

Дароо айта кетели, ЕАЭБге кирген өлкө башчыларынын баарынын 2016-жыл үчүн декларациясын  ачык булактардан табуу мүмкүн болбоду. Андыктан акыркы жылдардагы маалыматтар колдонулду.

Атамекендик унаалардын сүйүүчүсү

Орусия президентинин декларациясында 2016-жылы ал 8 891 777 рубль ($158 тегерегинде) тапкан.

Владимир Путиндин менчигинде 15 сотых жер тилкеси, 77 чарчы метр жана 153 чарчы метр аянттагы 2 батир, 18 чарчы метр гаражы бар. Путиндин гаражында ГАЗ М-21, ГАЗ М-21-Р и “Нива” үлгүлөрүндөгү үч унаа турат экен.

Жер жана акциялар

Владимир Путинден айырмаланып, расмий булактарга ыйлык, кыргыз лидери Алмазбек Атамбаевдин унаасы жок. А бирок анын карамагында 2,7 гектар жер, анда 116, 34 чарчы метр имарат, 6,7 гектар жерде эгилген көп жылдык өсүмдүктөр жана аты аталбаган, башкаруу үчүн үчүнчү тарапка берилген  ЖЧКнын 100% акциялары бар.

Искусствого болгон сүйүү

Төрт жыл мурунку  маалыматтар боюнча Армениянын башчысы Серж Саргсяндын 96 чарчы метр батири жана 1992-жылы чыгарылган “Митсубиши Монтеро” үлгүсүндөгү унаасы бар. Акция же инвестициянын дагы башка түрлөрү боюнча Саргсяндын декларациясында көрсөтүлбөгөн. А бирок армян прездиенти XVIII-XX кылымдарга таандык баалуу антиквардык буюмдар жана XX кылымдын белгилүү армян сүрөтчүлөрүнүн эмгектеринен топтому бар деген маалыматтар бар.

Айлыктан башка эч нерсеси жок

Белорусь президенти Александр Лукошенко 2014-жылы 551 млн белорусь рублин ($28 миң) иштеп тапкан. Анын атына үй да, унаа да катталбаган.

Эч нерсеси жок

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин кирешеси тууралуу маалыматтар ачык булактарда таптакыр жок. Казак лидери канча акча таап, кандай мүлктөргө ээлик кыларын болжогондон башка айла жок.

Бирок “Казакстан республикасынын биринчи президенти – улут лидери” мыйзамына ылайык, Казакстан президентинин жана аны менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө таандык мүлккө кол тийбестик каралган. Кол тийбестик алар кодонгон кызматтык имарат жана унааларга, документтерге, каттарга да тиешелүү. Кол тийбестик Улут Лидеринин фондуна тиешелүү мүлктөргө да жайылтылат.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.